7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоо-кен компаниясына мыйзамсыз түрдө документтер берилип, мамлекетке 2,3 млн сом зыян келтирилген

694

Талас областтык прокуратурасы тарабынан токой-чарба өндүрүшүнүн жоготуулары үчүн төлөм албастан, укук күбөлөндүрүүчү документтерди тоо-кен компаниясына мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөөдө, Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы Т.С.Т. өз жумушуна шалаакылы мамиле жасап, жер аянтын жеринде изилдөөдөн өткөрбөй туруп, “Г.Ш.М.” ЖЧКсына укук күбөлөндүрүүчү документтерди берип жибергендиктен, мамлекетке 2 млн 353 миң 824 сом зыян келтирилгендиги такталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн зыян “Г.Ш.М.” ЖЧКсы тарабынан толугу менен орду толтурулуп, аталган мамлекеттик мекеменин мурдагы бөлүм башчысы кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

695