15-апрелден 17-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 198-223, 246- чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50, 65-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) өтүүчү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Ошондой эле айрым жерлерде жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Эскерте кетсек, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.