7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Жапаров Сардор Умурзаков менен жолукту

524

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы достукка, ынак коңшулукка, жалпы саналган тарых, маданият, салтыбызга, тилибизге жана рухий баалуулуктарыбызга негизделген кыргыз-өзбек мамилесин мындан ары өнүктүрүүгө жана ар тараптуу чыңдоого умтулат.

«Эки мамлекеттин башчылары тарабынан товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча коюлган тапшырмасын аткаруу үчүн биргелешкен ишканаларды, мал чарба кластерлерин, логистикалык борборлорду, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чектеш аймакта эркин экономикалык аймакты (өнөр жай) түзүү аркылуу өз ара соода көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү сунуштайбыз», — деди ал.

Акылбек Жапаров кошумчалагандай, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин алкагында кыргыз тарап алгачкы этапта Кызыл-Кыя шаарында чектеш соода боюнча соода-логистикалык борборун куруу, аталган борборду «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» мультимодалдык транспорттук коридор менен бириктирүүчү «Эркештам-Дароот-Коргон-Үч-Коргон» унаа жолун куруу сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлорду сунуштоодо.

Өзбекстандын премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков өз кезегинде өзбек тараптын эки өлкө ортосунда мурда жетишилген бардык келишимдерди ишке ашырууга жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө ынтызар экендигин белгиледи. Ал Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иши ийгиликтүү болооруна ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, суу-энергетикалык, инвестициялык, айыл чарба жана транспорттук логистика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525