7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев: Күйөөң он жолу айтса укпасаң, жаман катын деп тилдейт да

1034

Бүгүн, 14-апрелде, Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине “Нива” үлгүсүндөгү жаңы автоунааларды тапшыруу аземинде министр Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Министрлер кабинети мени карап, ордумда калтырат. Анткени, Саламаттыкты сактоо министрлиги жакшы иштеп жатат. Эгерде алар эскертүү берип, сөгүш айтышса, иштей беребиз. Ал эми кызматтан четтетип коюшса, башка кызматым бар. Ахунбаев атындагы клиниканын директору болчумун, ошол жерде операцияларды жасай берем. Бул деле мамлекеттик кызмат», — деди министр.

«Күйөөң он жолу айтса укпасаң, жаман катын деп тилдейт да…Этика деген эмне? Мындай сөздөрдү айтууга болбойт деп каякта жазылып турат? Бул деген жакшы сөз да, эркелетип «мой лопушок» деп айтышат», — деп кошумчалады журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, унаалар Дүйнөлүк банктын каржылоосунда сатып алынды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1035