Бишкекте бардык спорт сүйүүчүлөрү үчүн жыл сайын өтүүчү Toyboss Night Run 2021 жарышы болот. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдештин директору Арслан Малдыбаев Ekiden аталыштагы шосседе чуркоо бул эстафеталык мелдеш болуп саналарын белгиледи. Эстафетага 14 жаштан жогорку курактагылар катыша алат. Өнөктөштөр тарабынан белгиленген байге фонду быйыл 192 миң сомду түзөт.
Быйылкы жарышта катышуучулардан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кара-Балтадагы Улуттук Кызыл Ай коомунун балдар кризистик борборуна берилет. Аталган жайда эки жаштан 18 жашка чейинки 25 бала жашайт. Алар жетим балдар, мигранттардын балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп саналат.
19-июнь күнү саат 20:00гө белгиленген спорттук иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.
Эскерте кетсек, жарыштын катышуучуларына бет кап жана эпидемиологиялык коопсуздук боюнча көрсөтмөлөр берилет. Ошондой эле жарым марафон өтө турган аянтка антисептикалык каражаттар коюлат.
Toyboss Night Run 2021 жарышынын шарттары жана катышуу акысы тууралуу маалыматты nomadsport.net сайты же 0 (554) 60-07-07 телефон номерине чалып билүүгө болот.