7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Транспорт министринин орун басарынын үйүнүн дубалы түртүрүлдү

1463

Бишкекте тротуар курууга тоскоол болгон Эр-Тайлак көчөсү №4 үйүнүн дубалы түрттүрүлдү. Ал Транспорт министри Тилек Текебаевдин орун басарынын үйүнүн тосмосу болчу.

Башкармалыктын кызматкерлери объекттин ээсине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин өз ыктыяры менен тротуарга чыккан капиталдык тосмону, гаражды жана темир дарбазаны демонтаждоодо. Тосмонун узундугу 25 метр, гаражы 4×5 метрди түзөт.

Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу боюнча билдирүүлөр берилген.

Буга чейин Бишкектин көчөлөрүнүн бирине тротуар курууга транспорт министринин орун басары Акуналы Досалиевдин үйүнүн тосмосу тоскоол болуп жатканы айтылган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1464