Нурланбек Кайынбаев Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон. Бүгүн, 26-мартта жаңы орун басар коллектив менен тааныштырылган.
Министрдин мурдагы орун басары Талантбек Солтобаев 23-апрелде ээлеген кызматынан бошотулган.