Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Сотто Т.Өмүралиев, Ж.Капаров, К.Абдырасулов, М.Базарбаев, Н.Дүйшөналиев, О.Дүйшекеев, А.Матисаков, К.Мурзабеков, К.Насиров, К.Орозматов жана Э.Элемановго карата козголгон кылмыш иштери каралды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Соттун 2021-жылдын 26-апрелиндеги токтомуна ылайык, Бишкек шаардык сотунун 2021-жылдын 10-мартындагы Т.Өмүралиевге жана башкаларга чыгарган аныктамасы жана өкүмү жокко чыгарылды.
Ал эми, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 15-октябрындагы Т.Өмүралиевге жана башка адамдарга чыгарган өкүмү күчүндө калтырылды.
Таалайбек Өмүралиев жана башкалар кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылышып, Т.Өмүралиевге карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү, 304-берененин 2- бөлүгү менен күнөөлү деп табылып, ал боюнча 5 000 000 (беш миллион) сом өлчөмүндө айып пул төлөө жазасы белгиленип, мамлекеттин кирешесине чегерилген.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 10-мартындагы өкүмү менен, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 13-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылган.
Таалайбек Өмүралиевге карата чыгарылган өкүм жокко чыгарылды