Бишкек шаардык соту тарабынан айыпталуучу Таалайбек Өмүралиевге жана башкаларга карата апелляциялык тартипте кылмыш ишин карап, Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 10-мартындагы өкүмү менен, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 13-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Т. Өмүралиев жана башкалар кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылышып, Т.Өмүралиевге карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү, 304-берененин 2- бөлүгү менен күнөөлү деп табылып, ал боюнча 5 000 000 (беш миллион) сом өлчөмүндө айып пул төлөө жазасы белгиленип, мамлекеттин кирешесине чегерилген.
Ал эми башка айыпталуучуларга карата кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, жазык жоопкерчилигинен бошотулушкан.
Тараптарга соттун өкүмүнө кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттануу келтирүү укугу түшүндүрүлдү.