7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  

Курсы валют:

84,82
USD 0,00%
95,74
EUR 0,00%
1,15
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
2°C

Транспорт министрлигинин Нарындагы башчысы бюджетке 17 млн чыгым келтирген

24

Кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактысы боюнча Транспорт жана жол министрлигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 16-декабрында УКМК тарабынан Транспорт жана жол министрлигине караштуу автомобиль, суу транспорт жана салмак габаритти кантролдоо агентигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.К.А. кармалган.


«Кармалган Т.К.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Нарын” дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда мамлекетке 17 млн сомдон ашык суммада зыян келтиргени аныкталды. Кармалган адам Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

25