Кече, 17-май кечинде Канаданын Торонто шаарында жайгашкан “Центерра Голд” компаниясы “Кумтөр Голд” ишканасын көзөмөлдөбөй калгандыгын жарыялады.
“Кыргыз бийлиги өз өкүлдөрүн кенге, “Кумтөр Голд” ишканасына жана айрым кызматкерлеринин үйлөрүнө жөнөтүү менен 15-16-май күндөрү Кумтөр алтын кенине өз көзөмөлүн орнотту. Натыйжада “Центерра” мындан ары Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калды жана кендеги кызматкерлердин же андагы операциялардын коопсуздугун камсыз кыла албайт. Өкмөт көзөмөлдү колго алардан бир аз мурда бардык негизги коопсуздук, мониторинг жана операциялык системалары кынтыксыз иштеп жаткан”, — деп айтылат билдирүүдө.
Алар Кыргыз Парламентинин соңку чечими “Центерра” менен “Кумтөр Голд Компанинин” укуктарына, кыргыз өкмөтүнүн узактан берки келишиминдеги милдеттемелерине каршы келерин белгилешет.
“Центерра” кыргыз тарап менен конструктивдүү диалог курууга даяр экенин, бирок маселени Эл аралык арбитражга чыгарууга аргасыз болуп жатканын белгилеген. Ошондой эле Кыргызстандын өкмөтүн Кумтөрдөгү жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылууга, документтерди же компьютерлерди тартып алуу жана “Кумтөр Голд” ишканасынын кызматкерлерин коркутуу сыяктуу кадамдардан оолак болууга чакырган.