Индияда эпидемиологиялык кырдаал өтө курч деп бааланууда. Бир суткада коронавирус менен ооругандардын саны күнүнө 300-400 миңге чейин көбөйдү. Ал эми ооруканалар бейтаптарга жык толгон. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, өлкөдө Орусиянын «Sputnik V» вакцинасы менен эмдөө башталган, бирок анын темпи менен эпидемияны көзөмөлгө алууга мүмкүн эмес. Ошондой эле, жакынкы күндөрү препараттардын запасы түгөнүү коркунучунда турат.
Алар коронавирустан көз жумгандарды Ганг дарыясына ыргытууга аргасыз болушууда. Бир нече күндүн ичинде эле дарыяга маркумдардын сөөгү толуп калганын көрүүгө болот. Ал эми вирус Индиянын эң алыскы аймактарында курчуп, ар бир үйдө жогорку температура менен жаткан жок дегенде бирден бейтап бар. Бирок аларды тесттен өткөрүү үчүн дарыгерлер дагы жетишсиз.
Буга чейин Индиянын дарыгерлери коронавирус илдети Мукормикоз (кара грибок)- сейрек кездешүүчү оорудан улам пайда болду деп кулак кагыш кылышкан эле. Ал теринин жана ички органдардын жабыркашы менен билинет. Өлүм деңгээли дээрлик 50% ды түзөт. Грибок иммунитети төмөн адамдар үчүн өзгөчө коркунучтуу.