Ирландиялык спортчу UFC уюмунун мурдакы чемпиону Конор Магкрегор үчүнчү ирет ата статусуна ээ болду. Анын жубайы Ди Дэвлин кечээ, 17-майда уул төрөгөн. Бул тууралуу Конор өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыккан.
Анын айтымында, спортчунун үй-бүлөлүк кланы эми 5 адамдан турат. Буга чейин жубайлар Кройя жана Конор Жек аттуу бир уул, бир кызы тарбиялап келишкен. Ал эми жаңы төрөлгөн ымыркайга Райан аттуу ысым ыйгарышты.
«Дени сак уул төрөлдү. Керемет эне менен баланын абалы жакшы», — дейт ал.
Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда Лас-Вегаста Магкрегор менен америкалык мушкер Дастин Порьенин беттеши болот. Алар буга чейин эки ирет өз алдынча кезигишкен. Биринчисинде Конор жеңген, ал эми экинчи беттешүүдө Дастин реванш алууга үлгүргөн.