Бишкек — Ош унаа жолундагы 129-чакырымында жайгашкан К.Көлбаев атындагы тоннель маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тоннель жаз келип малдар Суусамыр өрөөнүнө жайлоого чыгып баштагандыгы менен түшүндүрүлүүдө.
«Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында жайгашкан К.Көлбаев атындагы тоннель аркылуу мал айдап өткөн убакытта, жол тыгынын болтурбоо жана коопсуздукту сактоо максатында унаалардын баардык түрүнө 15-20 минут аралыгы менен, тоннелдин эки тарабынан убактылуу жол жабылып турат», — деп берилет маалыматта.