7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19. Бир суткада Чүй облусунан 7 бейтап каза болду

444

Кыргызстанда 18-майга карата коронавирус дагы 234 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте – 112, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 81, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

Рахматуллаев белгилегендей, бир сутка ичинде 282 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 187, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 61, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусунда – 1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 1, бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 605 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 465 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 191 бейтаптын абалы орто оордукта, 413 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 555 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 490 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп кошумчалады министрдин орун басары.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 100 миң 966 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 94 миң 168 киши айыгып чыкса, 1 миң 718 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

445