Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Кумтөр маселеси боюнча комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаровдун өзүнө жана уулу Айдар Акаевге карата айтылган айыптоолоруна жооп берди. Маек журналист Айжигит Матраимовдун жеке ютуб каналына жарыяланган.
«Жапаров, өзү айткандай Кумтөр маселеси боюнча башынан бери аралашып келе жаткан, маалыматы бар адис, кызыкчылыгы да болушу мүмкүн. Жоопко тартуу маселеси каралса, биринчи кезекте өзүн сурака алыш керек. Ошол 2003-жылдагы мамлекеттик комиссиянын негизги мүчөсүнүн бири болгон. Торонтого барып, Комеканын сыйын көрүп, анан өтө мактаган. Ошонун негизинде Танаев премьер-министр катары кол коюп, Жапаров кайра Жогорку Кеңешке алып чыгып бекитип берген. Мен терең ишенем, маркум Танаев Кыргызстандын кызыкчылыгын саткан киши эмес. Маркум Айдар уулумун арбагына да шек келтирип олтурат, Кыргыз элине айтаарым Жапаровго кудай жазасын берсин! Мен кеткенден кийин Бакиевдин биринчи иши, менин байлыктарымы изилдөө болгон. Бирок, эч нерсе таба алган жок. Бекназаров менден миллиарддарды издеген, азыркы комиссияга рахмат аны 10 млнго түшүрүптүр. Жылдар өткөн сайын азайып олтуруп, бул доомат жок болот деген ишенимдемин«-деди Аскар Акаев.
Ал ошону менен бирге, Кумтөр боюнча негизги катачылык 2009-жылы кабыл алынган мыйзам деп эсептээрин билдирди.
Анын айтуусунда, «Comeca» компаниясы 2003-жылга чейин пайда көрбөй өзүн актоо менен гана иштеп келген. 2003-жылы алгачкы киреше түшүп, Кыргызстанга 110 млн канада доллары (АКШ долларына 120 млн) пайыздык үлүш катары бөлүнгөн. Акаев бул каражатты толугу менен атайын түзүлгөн социалдык фондго которгонун айтат.
«2003 жылы бизге 110 млн Канада доллары биринчи киреше катары адилеттүү бөлүнгөн. Алтындын унциясы ал кезде 350 долларга бааланчу. Азыр 1800 доллар. Эми эсептеп көргүлө, 350 доллар кезинде бизге АКШ доллары менен 120 млн берилген. Ага биз атайын мугалимдерди, дарыгерлерди колдоо максатында фонд түзгөн элек. Бакиевдер келгени, каражат кайда сарпталды мага белсисиз. Кийин мамлекет мындай пайда көрбөдү. Алтын мен бийликтен кеткенден кийин, 2005-жылдан баштап көтөрүлдү. 2010-жылы Отунбаеванын убагында эң жогорку көрсөткүчкө жетип, өлкөнүн экономикасын сактап калган«,-деди мурдагы президент.