Бүгүн, 18-май Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Галина Байтерек ээлеген кызмат ордунан кетти. Бул тууралуу ал өздүк баракчасы аркылуу кабарлады. Төмөндө кайрылуусу, кыргыз тилине которулуп берилди.
«Урматтуу достор, кесиптештер, журналисттер!
Бүгүн менин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун пресс-катчысы болуп иштеген ишимдин акыркы күнү.
Ушактардан жана туура эмес чечмелөөлөрдөн сактануу үчүн, мен Садыр Нуркожоевич менен жакшы адамдык мамиледе экенибизге ишендиргим келет. Мага жүктөлгөн бардык тапшырмаларды аткардым, эми мага жаңы жумуш тапшырылды. Бирок бул тууралуу кийинчерээк билдирем.
Президент Садыр Жапаров, команда жана сиздер менен бирге биз оор жолду басып өттүк, бир нече олуттуу соккуларды баштан өткөрдүк. Бул менин жашоомдогу эң окуялуу жана чечүүчү мезгилдердин бири болгон деп жоопкерчилик менен айта алам.
Баарыңыздарга, кесиптештериме, журналисттерге, блогерлерге, колдоо көрсөткөндөргө жана кам көргөн жарандарга, сын айтып, күмөн санагандарга ыраазычылык билдирем!
Сиздерсиз бул иш мүмкүн эмес болчу!
Алдыда жаңы энергияны, идеяларды жана, албетте, сиздердин колдоону жана сынды талап кылган жаңы максаттар жана милдеттер турат.
Эң башкысы, биздин жасап жаткан иштерибиздин бардыгы биздин Ата-Мекенибиздин, элибиздин өнүгүшү жана жыргалчылыгы үчүн!
Мурдагыдай эле, мен байланышта болуп, баарлашууга, талкууга жана кызматташууга ачыкмын!
Урматтоо менен, Галина Байтерек»-деп жазылган.