Баткен облусунун Кадамжай районунда катталган катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, шамал кечээ болжол менен саат 19:45те катталган, учурда шамалдн ылдамдыгы такталууда.
«Катуу катталган шамал Кадамжай шаарынын Северный көчөсүндө жайгашкан №25 көп кабаттуу турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Жерине куткаруучулар тартылып, чатырдын калдыктарын коопсуз жайга жылдырып беришти», — деп айтылат маалыматта.
Ведомстводон кошумчалашкандай, бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.