7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туманбаев: Жыл аягына чейин 2 миңден ашык үй-бүлө батир алат

455

 Жыл аягына чейин мамлекеттик ипотека аркылуу 2200 үй-бүлө батир менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттик иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 42 миңге жакын батир куруу пландалууда.

«Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына чейин алгачкы батирлер берилип, аларды электрондук кезекте тургандар жана үлүштүк курулушка катышкандар алышат. Мугалимдерге, чыгармачыл адамдарга жана дарыгерлерге батир кайсы гана даректе жайгашпасын чарчы метри 650-750 доллардан 25 жылга берилет. Бирок батирлердин баасы жайгашкан жерине карап 150-200 доллар айырма болушу мүмкүн», — деди Туманбаев.

456