Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-октябрда Москва районуна караштуу Петровка айылындагы Водоемный көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Жалпы аянты 40 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана анын кесепетинен каза болгон кишинин аты-жөнү такталууда.