7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Турак жай комплексиндеги коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү

321

УКМК Бишкек шаарынын Каракөл көчөсүндөгү жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

1996-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен «Кайнар» ЖАКга Ботаникалык бакты кеңейтүү иштери башталганга чейин өндүрүштүк база үчүн 64 сотых жер тилкеси пайдаланууга берилген.

Андан кийин, 2012-жылы «Кайнар» ЖАКтын жетекчилери тарабынан коррупциялык байланыштар колдонулуп, муниципалдык органдардын кызмат адамдарынын тымызын көмөгү менен жер тилкесине жеке менчик укугу мыйзамсыз катталып, кийин курулуш компаниясына 1 млн 400 миң АКШ долларына сатылган. Учурда бул аймакка «О2 Эко комплекс» турак-жай комплекси курулуп жатат.

«Кайнар» ЖАКтын жетекчиси Ш.Т. А. мыйзамсыз сатылган мүлктүн ордун толтуруу эсебине курулуп жаткан турак жай комплексиндеги аянты 373,63 чарчы метр коммерциялык жайды мамлекеттин балансына өткөрүп берди. Келтирилген зыяндын калган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттендирилди.

УКМК Бишкектеги жер тилкелериндеги мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча иштерди улантууда.

322