7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туристтер үчүн дагы бир санарип сервис ишке киргизилди

624

Кыргызстанда туристтер үчүн дагы бир санарип сервис ишке киргизилди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Жазгүл Кийизбаева маалымат жыйында билдирди.

Кийизбаеванын айтымында, эми туристтер Калкты каттоо департаментинин сайтынан каттоодон өтө алышат.

«Бул үчүн кабыл алуучу тарап сиздин жеке кабинетиңизге кириши керек, ал үчүн өздүгүн тастыктоочу документтердин маалыматтары, ошондой эле турак жайга менчик укугун тастыктаган документтер жетиштүү. Андан кийин, «чет өлкөлүк жаранды каттоо» бөлүмүндө, ким катталып жаткандыгы жөнүндө керектүү маалыматты көрсөтүңүз. Веб камераны колдонуу менен туристтин сүрөтүн да тартышыңыз керек болот. Ал эми чет өлкөлүк жарандын Face-ID сүрөтү Кыргыз Республикасынын кире беришиндеги сүрөткө дал келсе, каттоону улантууга болот. Тастыкталгандан кийин 24 сааттын ичинде 120 сом өлчөмүндө мамлекеттик алым төлөө коду түзүлөт. Долбоордун максаты – каттоо учурундагы бардык коррупциялык тобокелдиктерди нөлгө түшүрүү, тышкы миграцияны эсепке алууну жакшыртуу жана санариптик тейлөө форматына өтүүнү тездетүү», — деди ал.

Долбоор Санариптик өнүктүрүү министрлиги, УКМК жана КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан иштелип чыккан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625