7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэри: «Тыгын, ызы-чууга сабыр кылалы!»

325

Жаңы окуу жылынын алдында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардыктарга ачык кайрылды. Мэр эмне үчүн ири долбоорлор, курулуштар дал азыр башталып, эмне үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарга чыдоого туура келип жатканын жана эртеңки күндү ойлошубуз керек экенин түшүндүрүп берди.

Айбек Жунушалиевдин кайрылуусунун маанилүү жерлери:

  • Быйыл жалпы 98 чакырым жол оңдолуп, айрымдар жаңыдан салынууда
  • Шаар боюнча бир транспорттук түйүн, үч көпүрө салынмакчы
  • Жасалган жолдорду кайра казбоо үчүн жер астындагы суу жана башка түтүктөр алмаштырылууда
  • 2,5 чакырымдан ашык жылуулук, 1,5 чакырым канализация түтүктөрү жаңыртылды
  • Кыйылган дарактардын 85 пайызы эскирген. Алардын ордуна 7-10 эсе көп көчөт отургузулууда
  • Тыгын, ызы-чуу, чаң болорун түшүнүп турам. Бирок азыр чыдап, сабыр кылып койбосок мунун баары келечекте чоң көйгөйгө айланат. Андыктан түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм.

Азыркы жасалып жаткан жумуштун баары 2030-жылга чейинки түзүлгөн пландын алкагында өзүнүн ырааты, убакыт-сааты менен жасалууда.

326