Тышкы иштер министри бүгүн, 17-декабрда Панфилов мектеп-интернатынын окуучуларына жаңы жылдык белек тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы жыл алдындагы жагымдуу салт боюнча Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Министрликтин жамаатынын атынан колдоо көрсөткөн мектептин тарбиялануучуларын келе жаткан жаңы 2021- жылы менен куттуктады жана аларга чың ден соолук, ийгиликтерди жана жаңы жылда адам баласына болгон бардык жакшылыктарды жана кубанычтарды каалады.
КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өсүп келе жаткан жаш муундун өркүндөшү үчүн татыктуу шарттарды түзүү боюнча мамлекет тарабынан бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.
2012-жылдан бери Министрлик КРнын 3 билим берүү социалдык мекемесин, анын ичинде К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернаты, колдоо көрсөтүү үчүн камкордукка алган. Ушул убакка чейин ТИМдин кызматкерлери үзгүлтүксүз негизде бул мектептерге ар түрдүү колдоо көрсөтүп жана тарбиялануучуларга колдон келишинче жардам берип келет.
Тышкы саясий ведомствонун башчысы мугалимдерине жана жетекчилигине ак ниет эмгеги жана тарбиялануучуларга көрсөткөн камкордугу үчүн ыраазычылык билдирди.