Уфа шаарындагы Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Мухаммад Абдуллаев коло медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан кабарлашты.
Абдуллаев өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча 74 кг салмактык категорияда күрөшкөн.
- 1/16 финал
- Мухаммад Абдуллаев — Руслан Ахметханов (Украина) — 9:6
- 1/8 финал
- Мухаммад Абдуллаев — Баграти Гагнидзе Грузия) — 10:0
- 1/4 финал
- Ашраф Аширов (Азербайджан) — Мухаммад Абдуллаев — 4:2
- Коло медаль үчүн көңүл жубатуучу мелдеш;
- Экинчи раунд,
- Мухаммад Абдуллаев — Мункхдаваа Баярмункх (Монголия) — 11:0
- Коло медаль үчүн таймаш,
- Мухаммад Абдуллаев — Махамбет Нуржаубаев (Казахстан) — 4:1
Эске салсак, Мухаммад Абдуллаевдин коло байгеси Россиянын Уфа шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионаттан Кыргызстандын капчыгындагы алгачкы жеңиш.
Бүгүн, 18-августта кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеш башталат.