7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көл облусунун Тамчы айыл аймагына гольф-курортун куруу пландалууда.

550

Ысык-Көл районундагы  Тамчы айылына гольф-курортун куруу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинети токтом кабыл алгандыгын басма сөз кызматы билдирди. Ал Ысык-Көл облусуна инвестицияларды тартуу максатында кабыл алынган.

Министрлер кабинети токтом кылат:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тамчы айылдык аймагында жайгашкан жана мамлекеттик менчикте турган 92,25 гектар жер (77,4 гектар — жайыт, 0,25 гектар — жолдор, 1,8 гектар — суу астында, 12,80 гектар — башка жерлер) гольф-курортту долбоорлоо жана куруу үчүн «Токой фондусунун жерлери» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
— жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
— ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
— айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык төлөөнү.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

551