UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн, 21-ноябрда, таңкы саат 6:00дө Кыргызстанга келди. Бул тууралуу «7-канал» женинен чагылдырды.
Анын айтымында, ал Кыргызстанда үч-төрт жума болот.
«Ысык-Көлгө да баргым келет. Өз үйүмө келгенимди сезип жатам», — дейт ал.
Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк кулатуу (WEF) федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогонов Шевченко машыктыруучусу менен келерин жана алар президент Садыр Жапаров менен жолугушарын билдирген.
Шевченко эртең, 22-ноябрда, саат 14:00дө журналисттерге маалымат жыйын берет. Андан соң саат 16:00дө «Аю Гранд» соода борборунда күйөрмандары менен жолугат.