7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу №25 колониядагы камералардан тыюу салынган буюмдар табылды

435

УКМК жана Жазаларды аткаруу кызматы  менен биргеликте Ош шаардык ИИБнин №25  мекемесине ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-декабрда Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаардык №25  мекемесинин айрым камераларында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 17 даана уюлдук телефондор, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып, алынды.

Мурда белгиленгендей, тыюу салынган буюмдарды эркин алып жүрүү боюнча бул мыйзамсыз иш-аракеттер мекеменин экс-жетекчиси Ж.У.нын макулдугу менен жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн коргоо үчүн соттолгондордон системалуу түрдө пара алып турган.

Учурда УКМК тарабынан Ош шаарынын №25 мекемесинин экс-жетекчиси, кылмыштуу аракеттери тууралуу кошумча маалыматтарды чогултуу жана документтештирүү боюнча тергөө-ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Буга чейин аты аталган жаран жана башка тиешеси бар адамдар иликтентуудө.

436