7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Абхазиядан келген унааларды мыйзамсыз каттоого шектелип мекеменин регионалдык секторунун башчысы кармалды

719

Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Абхазиядан алынып келинген бажы декларациясынан өтпөгөн, мыйзамсыз катталган кымбат баалуу унаалар боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай Орусиядан транзиттик каттоо документтеринин негизинде, Кыргызстандын техникалык паспорттору жана мамлекеттик номурлары берилген «Лексус GX» үлгүсүндөгү 2 унаа катталган.

Натыйжада, мамлекетке бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен 3 миллион сомдон ашык чыгым түрүндө зыян келтирилгени аныкталды.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча, Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук секторунун башчысы Медер Өмүрзаков кармалды.

УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

720