Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» МТБ долбоордун жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалдыматка ылайык, 2018-жылдын июнь айында «Кыргыз Республикасынын сот тутумунун карызкорлорунун реестри» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлери сот аткаруучуларынын кызматтарынын бирдиктери үчүн, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте тендер өткөрүлүп, IT компаниялардын бири менен жалпы суммасы 2 миллион 385 миң сомдук жасалма келишим түзгөндүгү аныкталган.
Бирок, 2018-жылы жогоруда аталган программалык продукт сот аткаруучуларына кызмат көрсөтүү бөлүмдөрү тарабынан Адилет Сот Маалыматтык технологиялар башкармалыгынын (МТБ) адистери тарабынан айлык акынын эсебинен иштелип чыгып ишке киргизилген, ошондой эле расмий түрдө Кыргызпатентте катталган.
Буга карабастан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунуна караштуу Сот департаментинин кызматкерлери IT компаниясынын өкүлү менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, иштеп жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жасалма келишим түзүшкөн, жана 2 миллион 385 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары коррупциялык схеманын катышуучулары тарабынан уурдалган.
Кылмышка шектүү делип тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, «С.К.А.» аттуу жаран кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, ал автоматташтырылган маалымат системасы «КР Сот системасынын карызкорлорунун реестри» долбоорун иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча түздөн-түз жетекчилик кылган.
Бул кылмыш иши боюнча тергөө улантылып, бул кылмышты жасоого катышкан сот системасынын башка кызматкерлери аныкталууда.
Белгилей кетүүчү нерсе, бул IT компаниясы фигуранттарынын бири катары болгно Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Г.Калиева «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда коррупцияга байланыштуу дагы бир кылмыш иши каралууда.
Бул факт боюнча, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Г.Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча маселеси каралып жаткан Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сунуш киргизилген.