7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Академиясына жаңы кабыл алынган курсанттар аскердик ант беришти

259

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМК Академиясынын алгачкы курсанттарынын аскердик ант берүүсүнө арналган салтанаттуу азем өттү.

Иш-чараны УКМК төрагасы ачып, ант берген курсанттарды окуу жараянынын башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө антка берилгендиктин, патриот болуунун жана жаш офицерлердин жогорку кесиптик даярдыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ташиев куттуктоо сөзүндө эгемендүү Кыргызстандын тарыхында 2024-жылдын январына чейин атайын кызматтарга адистерди даярдаган өзүнүн атайын окуу жайы болбогонун эскерип, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен УКМК Академиясы түзүлгөндүгүн, ал эми азыркы курсанттар биринчилерден болуп аталган окуу жайда билим алууга мүмкүнчүлүк алышкандыгын белгиледи.

Ошондой эле өлкөбүздүн эртеңки коопсуздугу жана бүтүндүгү аларга жана Академиянын кийинки бүтүрүүчүлөрүнө көз каранды экендигин айтып, биринчи кезекте ата-энелеринин, УКМК жана өлкө жетекчилигинин үмүттөрүн актоону каалап кетти.

Ташиев курсанттарга татаал кесибинде ийгиликтерди, кайраттуулукту жана өз өлкөсүнүн патриоту болуусун каалады.

260