7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Акаевдин кылмышы иши токтоду» дегендер өзүнө «пиар» жасагандар

768

Кумтөр иши боюнча мурдагы президент Аскар Акаевге коюлган бардык айыптарды алып салуу боюнча айрым адамдардын такталбаган билдирүүлөрүнө байланыштуу, УКМК бул кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу коомчулукка объективдүү маалыматтарды жеткирүүнү туура деп эсептейт.

Жүргүзүлүп жаткан тергөөгө тиешеси жок, иш боюнча ишенимдүү маалыматы жок адамдардын мындай билдирүүлөрү жөн гана өзүн пиар кылуу максатында коомчулуктун оюн бурмалоо жана атайылап адаштыруу болуп саналат.

Мындан улам УКМК Кумтөр иши боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын коомчулукка маалымдайт.

Мындан тышкары, мурдагы президент Аскар Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды. Айрыкча, Аскар Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жана анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылганын белгилейт.

Ошол эле учурда, кылмыш ишинин тергөө амалдары улантылып, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу кылмыштарды жасоонун башка фактылары аныкталууда, тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишке тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет.

Ошондуктан, Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тарабынан таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт. УКМК өлкө жарандарын өзгөчө кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулуктун оюн адаштырбоого дагы бир ирээт чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

769