7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Алтынды мыйзамсыз ташып жүргөн кызматкерлер кармалды

598

Алтын өндүрүүчү компаниянын кызматкерлери алтынды мыйзамсыз ташып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Жалал-Абад областынын Башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) менен Чаткал районунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар «О.Т.» ЖЧКсынын кызматкерлери менен биргеликте алтын казуудагы мыйзамсыз иштерди жана алтын чайкоону жашырып жүрүшкөн.

Такталгандай, «О.Т.» фирмасы алтын кенин иштетүү боюнча өз ишин жүргүзүүдө, алтынды казып алуу максатында лицензиялык аянттын чек арасын бузуп, кийинчерээк оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай катары колдонушуп, мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтиргендиги аныкталган.

Мындан сырткары, «О.Т.» ЖЧКнын кызматкерлеринин эсепке алуусуз жана тиешелүү төлөмдөрдү төлөөсүз мыйзамсыз казылган алтынды ташуу жана сатуу аракети аныкталып ал ишине бөгөт коюлду.

2022-жылдын 26-августунда Чаткал-Бишкек багытында бара жаткан «Сосновка» постунан, салонунда ЖЧКнын жетекчиси жана анын кызматкерлери 1,5 кг жакын мыйзамсыз казылып алынган алтынды ташып бара жаткан «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштин алкагында «О.Т.» компаниянын башкы биректору КР жараны Д.Т.Э. кармалып, КР Кылмыш- процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК Жалал-Абад областынын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599