7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Баасы 1 млн. долларды чапчыган аткезчилик жүктөр табылды

468

Баткенде коңшу өлкөлөргө товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу менен алектенген адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аткезчиликке каршы күрөшүүнүн алкагында, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 3-февралында Кадамжай районунун аймагындагы коңшу өлкөлөргө товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу менен алектенген адамдарга тиешелүү 20 даректе тинтүү иштери жүргүзүлдү.

КР жарандары Э.Ш.Н., А.Н.А., С.С.А. жана А.Т.К.га тиешелүү даректерде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 4377 телевизор, 3162 уюлдук телефон, 308 куту акцизсиз тамеки, 265 дөңгөлөк, 2,5 тонна түстүү металл (жез), 11 220 АКШ доллары жана 504 000 сом накталай акча, ошондой эле баасы 1 млн. долларга жакын башка керектөө товарлары алынган.

Учурда товардын баасын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

469