7-октябрда Баткенден Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун 6 лидери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Кылмышка шектүүлөр экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн диний сабактарды өткөрүшкөнү жана 50дөн ашык Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынан турган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн «жыйынын» ай сайын уюштуруп турганы аныкталган.
Алардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, экстремисттик маанайдагы адабияттар (36 даана китеп, 20 даана китепчелер, 25 даана баракчалар, 13 даана дептерлер, 15 даана уюлдук телефон, 15 даана электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар, 1 даана ноутбук) табылып алынган.
- «К.А.К.» 26.06.1974 ж.т., Кызыл-Кыя ш. тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «минтака-масул» ДЭУ (лидери);
- «К.С.С.» 28.10.1975 ж.т., Кызыл-Кыя ш. тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);
- «Н.Ж.М.» 04.04.1976 ж.т., Кызыл-Кыя ш. тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);
- «А.у.А.» 18.04.1991 ж.т., Тажик Республикасынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (группанын жетекчиси);
- «Э.Н.Т.» 11.12.1995 ж.т., Кызыл-Кыя ш. тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (тобунун жетекчиси).
- «М.З.Я.» 16.01.1993 ж.т., Кызыл-Кыя ш. тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «казыначы» ДЭУ (ячейканын финансылык маселелери үчүн жооптуу).
Кармалган жарандар Кадамжай РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө аракеттери жана ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Аларга Жазык кодексинин 314-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.