7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Чек ара кызматына «Орлан-10Э» учкучсуз учуучу аппараттын сатып алууга кол коюлду

875

Кечээ 29-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев «Рособоронэкспорт» АК жетекчиси Александр Михеев менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чек ара кызматынын керектөөлөрү үчүн «Орлан-10Э» учкучсуз учуучу аппараттардын көп функционалдуу комплекстерин сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди кеңири талкуулашып,  «Рособоронэкспорттон» АК Ми-17В-5 тик учагын сатып алуу, Ми-8 МТВ тик учактарын капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо, аларга тетиктерди жеткирүү жана агрегаттарды оңдоо боюнча макулдашуу болгон.

Белгилей кетүүчү нерсе, аталган аскердик-техникалык буюмдар Кыргыз Республикасы тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

876