Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган башкармалыктын айрым кызматкерлеринин коррупциялык иштери боюнча маалыматтар алынган. Департаменттин Чүй башкармасынын кызмат адамдарына (1000 сомдон 3000 сомго чейин) белгилүү акчалай сыйлык үчүн, «Фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды реэкспорттоо, фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун талаптарын аткарбастан, карантинге алынган продукцияны экспорттоо үчүн шайкештиктин фитосанитардык сертификаттарын берүүнү жүзөгө ашырышкан.
Ошону менен бирге жогорку кызмат адамдары купуялуулукту сактоо максатында кызмат адамы менен жүктүн ээси ортосунда ортомчу болгон айрым жеке фирмалар менен сүйлөшүүгө барышкан.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Аламүдүн жана Москва райондорунун кызматкерлери тарабынан системалуу негизде акча каражаттарын алуу фактылары катталган.
Топтолгон далилдердин негизинде кызматкерлер убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.