7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда бетти жапкан кийимди кийүүгө жана көп аял алууга тыюу салынды

1037

Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары көп аял алуу жана адамдын өздүгүн аныктоого мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийгендиги үчүн административдик жоопкерчиликке тартыла турган мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасынын билдиришкен.

“Кылмыш-жаза кодексине жана административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр Өзбекстанды Конституцияда бекитилген светтик мамлекет катары аныктоого укуктук негиз түзөт. Эки же андан көп аял менен чогуу жашоого көмөктөшкөн, аялдар менен эркектердин тең укуктарын ачыктан-ачык танганы үчүн административдик жоопкерчилик каралган”, — деп берилет маалыматта.

Мындан тышкары, Өзбекстанда коомдук жайларда “жарандардын өздүгүн аныктоого мүмкүндүк бербеген кийимдерди” кийүү үчүн административдик жоопкерчилик чарасы киргизилүүдө.

Депутаттар бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы улуттар аралык ынтымакты, диний толеранттуулукту мындан ары чыңдоого жана аялдардын жана балдардын укуктарын коргоого, коомдук тартипти сактоо боюнча иш-аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатууга кызмат кылаарын белгилешти.

“Кызуу талкуудан жана узакка созулган талаш-тартыштардан кийин мыйзам долбоору депутаттар тарабынан кабыл алынды”, — дешти мыйзам чыгаруу палатасынан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1038