Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында “КРнын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Аны 66 депутат колдоп, төртөө каршы болду.
Конституциялык мыйзам долбоорун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырды. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарды КРнын Конституциялык сотуна берүү аталган мыйзам долбоорунда каралып жатат. Конституциялык сот өзүнүн чечимин төмөнкү учурларда президенттин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча кайра карашы мүмкүн, эгерде:
1) чечим кабыл алууга негиз болгон КРнын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;
2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
3) чечим КРнын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.
Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоору КР Конституциясына карама-каршы келерин баса белгилеп, конституциялык соттун чечимдери кайра каралбашы керектигин айтты. Депутат Мейкинбек Адалиев президент жана Конституциялык соттун төрагасы сыяктуу эле Жогорку Кеңештин төрагасына да Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктарын берүү маселесине көңүл бурду. Ал эми, депутат Медербек Алиев бул маселе Конституциялык соттун “матчество” боюнча акыркы кабыл алган чечимине байланыштуу экендигин айтып, соттун чечимдерин кайра кароо мүмкүндүгүн кошумчалады.
Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп берди.