«Пакистан – Афганистан-Өзбекстан-Кыргызстан» маршруту боюнча метамфетамин баңги каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун иши аныкталып, бөгөт коюлду.
7-октябрь күнү Бишкек шаарында чет мамлекеттин жараны кармалып, андан жалпы салмагы 67,615 кг болгон 300 миллион сом суммасындагы метамфетамин табылган.
Ал жогорудагы маршрут боюнча Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетаминди жөнөтүүнү уюштурган. Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.