7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

884

17-августта УКМК тарабынан  Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп изделип жаткан 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны «А.Ж.» кармалды. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кеткенин, анда ал «Хаят Тахрир аш-Шам» эл аралык террордук уюмунун тобу тарапта куралдуу кагылышууга катышкандыгы аныкталган. кармалган «А.Ж.» чет өлкөдөн жасалма документтердин негизинде Кыргызстанга кирип жана террористтик аракеттерди жайылтуу үчүн жашыруун ячейкаларды уюштуруу үчүн, ЭТУнун лидерлеринин тапшырмасы боюнча келгендиги аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иш -чаралар жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

885