7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК «Ислам мамлекети» террордук уюмунун тарапташын кармады

242

УКМК «Ирак жана Левант Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмунун жактоочусун кармады.

Кыргызстандын 22 жаштагы жараны үгүтчүлөрдүн таасири менен аталган уюмду колдой баштаган. Сирияга кетүүгө камынып, ИМ «халифине» ант берген бир нече видеокайрылуу жаздырган. Мындан тышкары, уюм тууралуу маалыматтарды, террорчулукту актап, теракт жасоого үндөгөн роликтерди фейк аккаунттар аркылуу таратууга шектелип жатат.

УКМК террорчулукту жайылтуу бул сөз эркиндиги эмес, кадимки кылмыш экенин эскертүүдө. Атайын кызмат жарандарды ДЭУнун радикалдуу дааватчыларынын жана жалдоочуларынын тармактарына түшүп калбоо үчүн сак болууга, диний билимдерди анык булактардан алууга чакырат.

 

 

243