УКМК Кара-Суу районунун Савай жана Сарай айылынын башчыларынын кайрылуусу боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМКнын маалыматына ылайык, өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөн.
«Айыл башчылары видео кайрылуу жасашып, анда УКМКнын кызматкерлери Савай айылынын башчысы Мунарбек Сайпидиновдун жакын туугандарына жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевдин апасына орой мамиле кылганын айтышкан. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Тинтүү иштери жүрүп жатканда орой мамиле жасалган эмес, Тургунбаевдин апасы УКМКнын кызматкерлерине сылык мамиле жасап, чай ичүүнү сунуштаган», — деп жазылат маалыматта.