Акыркы окуяларга, тактап айтканда УКМК төрагасынын кызматтан кетүүсүнө байланыштуу, маалымат мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүн каралоого багытталган айрым кызыкдар күчтөрдүн аракеттери байкалууда. Таралып жаткан билдирүүлөр жана түшүндүрмөлөр бир тараптуу мүнөзгө ээ болуп, жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин солгундатууга багытталган. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Жогорку Башкы Колбашчысына баш ийет.
Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдары мыйзамдуулук, объективдүүлүк жана коомчулук алдындагы жоопкерчилик принциптерин жетекчиликке алып, өлкөнүн Конституциясынын жана мыйзамдарынын алкагында так иш алып барышат. Мекеменин негизги артыкчылыгы — улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, чакырыктарга жана коркунучтарга, терроризмге жана экстремизмге, коррупцияга жана башка коркунучтарга каршы туруу болуп саналат.
Ар кандай суроолор жана кооптонуулар мыйзам чегинде, фактыларга жана текшерилген маалыматтарга таянып гана чечилиши керек деп эсептейбиз. Мамлекеттик органдардын кадыр-баркына далил келтирбестен доо кетирүү аракеттери конкреттүү бир мекемеге гана эмес, коомдогу жалпы ишеним деңгээлине да зыян келтирет. Биз коомчулуктун айрым өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана айрым жогорку кызматтагы адамдарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери өздөрүнүн функционалдык милдеттерин абийирдүү жана жоопкерчиликтүү аткарып жаткандыктан, аларга карата катуу сын айтуудан алыс болууга чакырабыз.
Өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгында ырааттуу жана принциптүү түрдө улантылат.



