7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК «Кыргызкөмүрдүн» түштүктөгү мурдагы жетекчисин кармады

359

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын экс-жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Ал мөңгүнү талкалоо жолу менен жана компетенттүү органдар менен макулдашпастан Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Загара-2» кенине автожол курууну баштаган.

«Кыргызкөмүр» МИнин Түштүк филиалынын жетекчилиги «Кыргызгипрозем» МИнин дарегине пландалган жол куруу багыты боюнча координаталык чекиттерди көрсөтүү менен жер жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн кайрылганы аныкталган, анда №№375, 456, жана 44 мөңгүлөр жайгашкан суралган контурлар боюнча жооп алынган.

Ошону менен бирге «Загара-2» кенинде мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бекитүү жана алуу үчүн «Кыргызкөмүр» МИ Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Ош аймактык башкармалыгынын дарегине бир нече жолу кайрылган. Кезегинде Ош аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан мөңгүлөрдүн жана мореналардын жайгашкан жерине байланыштуу мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун макулдашуудан баш тартылган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 14 978 480 сомдук экологиялык зыян (мөңгүлөр, асылдуу топурак, токой жерлери) боюнча корутунду алынган.

Натыйжада, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын директоруна Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 298-беренесинин 2-бөлүгү (иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) боюнча айып тагылып, андан кийин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылып, иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

 

360