«Кайыңды-темир жол” товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 унааны мыйзамсыз алып кирген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мекеме тараткан маалыматка алайык, УКМК тарабынан республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштардын бетин ачууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштурулган. Анын жыйынтыгында “Кайыңды-темир жол” товарларды чек арага каттоо пунктунда жалган эсеп-фактураларды берүү менен темир жол аркылуу 8 унааны мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталган.
Ошондой эле, учурда КБР катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик салык кызматынын жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын адистерин тартуу менен республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.