Өлкөбүздө бойдон алдыруу кыз-келиндер арасында көп катталат. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жылына 20 миңге жакын аял боюнан алдырат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылы 19 жашка чейинки 1200 кыз аборт жасаткан.
Дарыгерлер аборт жасатуу – оор кесепеттерге алып келээрин эске салышат.
«Андан кийин кыз-келиндердин боюнда болсо да айы-күнүнө жетпей түшө берет. Мындан тышкары, жыныс органдарынын өнөкөт сезгенүү ооруларына алып келиши мүмкүн, ал эми жаш кыздар кийин төрөбөй калышы ыктымал», — деп айтылат маалыматта.