7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура кызматкери акчаны казинодо уттурган эмес. 700 миң доллардын чоо-жайы

248

Башкы прокуратура тарабынан жасалма документтердин негизинде 1 млрд. 478 млн. рубль акча каражатын чыгарып кетүү фактысы боюнча банк кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле, Башкы прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде айыпталуучулардан 20 млн. АКШ доллары өндүрүлүп, каражат ээлерине, тактап айтканда россиялык ишкерлерге кайтарылган.

Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын калган суммасы, тагыраагы 762 500 АКШ доллар акча каражаты жума күнү, жумуш убактысынын аягында өндүрүлгөн. Банктардын иштөө мөөнөтү бул учурда аяктагандыгына байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүм башчы Рустам Абдырасулов кызматтык сейфте убактылуу сактап, банкка өткөрүп берүүгө тийиш болчу.

Бирок, апта башында Абдырасулов 3 күн жумушка чыкпагандыгына байланыштуу, инвентаризация жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынып, жыйынтыгы боюнча анын кызматтык сейфинде көрсөтүлгөн акчанын жок экендиги аныкталган.

Абдырасулов акча каражатын кымырып алган деп шектелип, кылмыш иши козголгон. Көрүлгөн чаралардын негизинде Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы шектүү катары кармалган. Эртеси Абдырасуловдун жакындары 762 500 АКШ долларын алып келип, тергөөгө өткөрүп берген.

 

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» КР Мыйзамынын талаптарына ылайык, КР жарандары оюн-зоок жайларынын кардары боло алышпайт.

Ошондуктан прокуратура кызматкери казиного, кумар оюн жайларына барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анткени, кумар ойноочу жайларга барууга мыйзам тарабынан тыюу салынган, экинчиден мындай ири сумманы Р.Абдырасулов казиного уттурса, анда алар жогоруда айтылган сумманы кайтарып бермек эмес.

Учурда козголгон кылмыш иштин негизинде тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал эми, Рустам Абдырасулов камакта.

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

249