Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 5 кг ашык марихуана табылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«20-сентябрда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы даректердин биринен (Совет көчөсү, №95 үй) 5 килограмм 190 грамм “марихуана” табылып, алынды. Учурда тергөө жана тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат»,- деп берилет маалыматта.