7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жасалма дипломдуу дарыгер. Териштирүү жүрүп жатат (фото, видео)

821

УКМК кызматкерине 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кочкор-Ата шаардык жалпы медициналык практика борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Т.Г.Х. кармалды.

Кармалган адам Бишкектеги Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып, ага акт түзүп өз ыктыяры менен берүүсү аныкталган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу амалында текшерүүнү токтотуу жана фактыны жашыруу үчүн УКМК кызматкерине пара сунуштаган.

Кармалган жаран мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталган.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

822